super.kg logo

Кытайлык компания Кыргызстанга айыл чарба техникаларын берди (фото)

 

Кытайлык “Цюаньибао” компаниясы Кыргызстанга 1 миллион 120 миң доллардан ашуун суммадагы айыл чарба техникаларын гранттык негизде берди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кабарлангандай, министрликтин өкүлдөрү “Кытай-Кыргыз Кайюань өнөр жай өнүктүрүү (Синьцзян) Лтд.” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Чүй облусунда курула турган интеллектуалдык инфраструктурасы бар “Азия-Европа алтын жол” эл аралык бажы-логистикалык паркынын долбоору талкууланды.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө парктын курулушу үчүн тиешелүү жер бөлүнүп берилери жана ишке киргенден кийин экспорт-импорт тармагында эки мамлекетке тең кызмат кылары белгиленди. Бул долбоорго 30 миллион доллар инвестиция салынышы пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга өткөн жылы VIII Ысык-Көл экономикалык форумунда кол коюлган.

Андан соң маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барган “Цюаньибао” компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрүлдү. Бул компания айыл чарба дрондорун өндүрүү жана жасалма жамгыр жаадыруу технологияларын өнүктүрүү багытында иш алып барат", - деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында “Цюаньибао” компаниясы Кыргызстанга 1 миллион 120 миң доллардан ашуун суммадагы жасалма жамгыр жаадыруучу жана зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуучу айыл чарба техникаларын гранттык негизде берди. Ошондой эле "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен “Цюаньибао” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары үрөн өндүрүү, мал чарбачылыгы жана багбанчылык тармагында иштеген Кытайдын алты компаниясынын жетекчилери менен дагы жолугушуулар өттү. Анда Кыргызстандагы инвестициялык климаттын туруктуулугу жана ишкерлерге көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо талкууланды.

Жолугушууга катышкан компания өкүлдөрү 3-4-апрелде Бишкекте өтө турган “Санарип дыйкан 2025” айыл чарба форумуна чакырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2025. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги деп аталат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: