Кыргыз спортчусу Нурислам Жоромырзаев Чикагодо өткөн мелдеште алтын медаль утту
Өлкөнүн грепплинг боюнча курама командасынын мүчөсү Нурислам Жоромырзаев АКШнын Чикаго шаарында өткөн THE 2025 CHICAGO SPRING GAMES мелдешинде алтын медалга ээ болду.Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, спортчу +90 килограммга чейинки салмакта катышкан. Ал финалдык беттеште пакистандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Жетишкен ийгиликтери:
- 2021-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнча Чүй облусунун чемпиону;
- 2022-жылы: Грепплинг (UWW) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
- 2022-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
- 2023-жылы: Жиу-житсу боюнча боюнча Чүй облусунун чемпиону;
- 2023-жылы: Комбат жиу-житсу боюнча (GI жана NO GI) Кыргыз Республикасынын чемпиону;
- 2024-жылы: Грепплинг ADCC боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
- 2024-жылы: Жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















