super.kg logo

Тунистин Жээк коопсуздугу жүздөгөн африкалыктарды куткарып, 18 адамдын сөөгүн тапты

 

Тунистин Жээк коопсуздугу Жер Ортолук деңизде калган 612 африкалыкты куткарып, 18 адамдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкөнүн Жээк коопсуздук бөлүмдөрү 16-марттан 17-мартка караган түнү куткаруу жана деңиз чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракеттерин токтотуу сыяктуу бир нече операцияларды жүргүзүшкөн. Натыйжада кайыктары чөгүп кетүү коркунучунда турган Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнөн келген 612 мыйзамсыз мигрант куткарылган. Каза болгон 18 адамдын сөөгү да табылган.

Күн сайын Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнөн келген көптөгөн мигранттар Тунис жана Ливия аркылуу Жер Ортолук деңизге чыгып, андан ары Италияга жетүүгө аракет кылышат. Тилекке каршы, алардын көбү ушул опурталдуу жолдо каза болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: