super.kg logo

АКШда бороон-чапкындан каза болгондордун саны 40ка жетти 

 

АКШнын түштүк-чыгыш штаттарында болгон катуу бороон-чапкындан улам каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган кырсыктан эң көп Миссури штаты жабыркаган, ал аймакта кеминде 12 адам набыт болгон. Ал эми Озарк, Батлер, Уэйн жана Жефферсон штаттарында кырсыктан улам 12 киши каза болгонун кабарланды.

Мындан тышкары Канзас штатында кум бороонунан улам 50дөй унаа кагылышып, кеминде 8 киши жана Техас штатында дагы кум бороонунан кийин унаалар кагылышып, жол кырсыгынан 4 адам набыт болгону айтылган.

Оклахома штатында катаал аба ырайынан улам 150 токойдон өрт чыгып, ал жерде 4 адам каза тапкан. Ошондой эле катуу шамал аталган аймактын 690 чарчы метр аянтын күйгүзүп жана 300дөй имаратты талкалап кеткен.

Булардан тышкары дагы башка штаттарда 10го жакын адам каза болгону кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: