super.kg logo

Майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси каралды 

 

Бүгүн, 18-мартта майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ишкерлер, муниципалдык жана мамлекеттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселесин көтөргөн.

Жолугушууда эл өкүлү кызматкерлердин санына жараша компаниялар белгилүү сандагы майыптыгы бар жарандарды жумушка орноштурушу керектигин белгилеп, кызматкерлердин саны 25тен 49га чейин болсо, 1 майыптыгы бар жаран, ал эми 50дөн 74ке чейин болсо экөө жана 100дөн жогору учурда 4 майыптыгы бар жаран болушу керектигин билдирген.

Ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова Кыргызстанда жумушка орноштуруу үчүн атайын сайт бар экенин, анда иш берүүчүлөр квалификациялуу кызматкерлерди, анын ичинде майыптыгы бар жарандардын арасынан таба аларын айткан.

Жыйынтыгында бул жолугушуу майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдөгү маанилүү кадам болгонун жана аларды өлкөнүн эмгек рыногуна интеграциялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: