Бишкектеги Балдар борборунан качып кеткен 2 кыз табылды
Бишкек шаарында изделип жаткан 14 жаштагы Серофима Турдиева жана 17 жаштагы Аделина Кылычбекова табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалымдалгандай, өспүрүмдөр бүгүн, 18-март күнү саат 13:00 чамасында табылган.
Кечээ райондук милиция аталган 2 кыз 14-март күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келишпегенин кабарлаган болчу. Мындан тышкары аталган борбордон 15-март күнү да 2 жашы жете элек кыз качып кеткени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.