super.kg logo

Израилдин соккусунан улам Газада каза болгондордун саны 300дөн ашты 

 

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Газа тилкесинде Израилдин соккусунан улам каза болгондордун саны 326 адамга жеткенин билдирди. Бул тууралуу орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.

"Учурда Газа тилкесиндеги ооруканаларда каза болгондордун саны 326га жетти", - деп билдирген министрлик.

Шейшембиге караган түнү Израилдин армиясы Газа тилкесине массалык сокку урулганы кабарланды. Буга чейин Axios басылмасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине таянып, Израил ХАМАСка каршы аскерий операцияларды кайра баштоону чечкенин жазган. Ал эми Al Jazeera басылмасы Газа тилкесинде аскердик операциянын кайра башталышына ХАМАС кыймылы келишимди узартуудан баш тартканы себеп болгонун маалымдаган.

Эске салсак, 19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде ок атышпоо, Израил менен ХАМАСтын ортосунда туткундарды алмашуу боюнча келишим күчүндө болду. Бул аралыкта Газадан 30 тирүү барымтадагы адам бошотулуп, 8 кишинин сөөгү чыгарылды. Анын ордуна Израил 1700дөй палестиналык туткунду бошотуп, армиясын анклавдын ички аймактарынан чыгарып кеткен.

Макулдашылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин эки тараптын ортосунда аны кайрадан узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: