Ошто 48 жаштагы киши милицияга пара берип жаткан жеринен кармалды





Кара-Суу районунда 48 жаштагы жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал милиция кызматкерине кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң тарапка чечип берүүнү сунуштап, ал үчүн 50 миң сом убадалаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Облустук милиция шектүү бүгүн, 18-мартта убадалаган сумманын 20 миң сомун берип жаткан жеринен колго түшкөнүн белгиледи. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.