super.kg logo

АКШда 120 жаштан ашкан 3,2 миллион адам өлдү деп жарыяланды

 

АКШнын Социалдык коопсуздук башкармалыгы базасындагы 120 жаштан ашкан 3,2 миллионго жакын адамды эсептен чыгарды. Бул тууралуу Өкмөттүн натыйжалуулук департаменти (DOGE) билдирди.

"Акыркы эки жуманын ичинде башкармалык өзүнүн маалымат базаларында масштабдуу тазалоону жүргүздү. 120 жаштан жогорку жаштагы 3,2 миллионго жакын адам каза болгондордун катарына кирди", - деп айтылат департаменттин социалдык тармактагы баракчасында.

Ошондой эле маалыматта социалдык камсыздоо органдарынын алдында бул багытта али көп иштер тургандыгы белгиленет. Ошол эле учурда, DOGE баса белгилегендей, кызматтын маалымат базаларында дагы эле 120дан 159 жашка чейинки 9 миллионго жакын америкалыктар бар.

Буга чейин Өкмөттүн натыйжалуулук департаментин жетектеген Илон Маск Кошмо Штаттарда көптөгөн "вампирлер" жашайт деп тамаша кылган. Ал социалдык жөлөкпул алган жарандардын жаш курагы жазылган таблицаны жарыялаган. Анда жөлөкпул алуучулардын тизмесинде 120 жаштан 249 жашка чейинки бир нече миллион америкалыктар көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: