super.kg logo

Өлкөдө быйыл кызамык оорусунан 8 бала көз жумду

 

17-мартта президенттин администрациясында Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Социалдык коргоо, Ички иштер жана Маданият министрликтеринин жетекчилеринин, облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция болуп өттү.

МинКаб маалымдагандай, жыйында өзгөчө Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облустарында кызамык оорусунун өсүшүнүн кооптуу тенденциялары талданды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине эпидемиянын очокторун локалдаштыруу боюнча өзгөчө чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгуу, кырдаалга мониторингди күчөтүү жана аймактарда тез чара көрүү үчүн жетиштүү вакцина менен камсыз кылуу тапшырылды.

«Регион боюнча кызамык оорусунун чоң очогу бар. Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жыл ичинде 6 өлүм катталса, быйылкы жылдын январь жана февраль айларында эле бул оору 8 баланын өмүрүн алган. Бул кабыл алынгыс нерсе. Ар бир райондун жетекчиси коңгуроо кагып, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алышы керек. Биз эмдөө менен жалпы камтууну камсыз кылуу боюнча күч-аракетибизди күчөтүшүбүз керек. Бул балдарыбыздын өмүрү жана ден соолугу жөнүндө сөз», - деп баса белгиледи Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана облустук бийликтерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Анын ичинде жер-жерлерде ушул сыяктуу жолугушууларды өткөрүү, калк менен маалымат иштерин күчөтүү жана кызамык оорусунун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча кошумча чараларды киргизүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: