super.kg logo
  Саясат  

Кытайдын Улугчат шаарында Кыргызстандын көзөмөл кампасы ачылды

 

Бүгүн, 18-мартта Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районун Улугчат шаарында Кыргызстандын көзөмөл кампасы ачылды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ага Кытайда иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Ал Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен логистиканы жакшыртуу, экономиканы чыңдоо жана айыл чарба продукцияларын ыңгайлуу жана үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу боюнча ишинин бир маанилүү бөлүгү экенин айтып, жогорку стандарттарга жооп берген заманбап жабдуулар менен жабдылган бул жаңы Көзөмөл кампа чек арадан дан-эгин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ишенимдүү өтүшүн камсыз кылаарын билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага катышкан КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Не Цзан, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна импорттоону колдоо боюнча берген тапшырмасына ылайык, айыл чарба продукцияларын импортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

"Көзөмөл кампасы кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы тарабынан курулду. Бул жер стратегиялык объект жана логистикалык процесстердин коопсуздук талаптарына жооп беришин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Кампа жашылчалар, тоңдуруу, лаборатория, жалпы жүк болуп төрт аймакка бөлүнөт. Жылына 1 миллион тоннадан ашуун продукцияны кабыл алуу дараметине ээ. Келечекте кампанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү — дан-эгин жана буурчак өсүмдүктөрүн гана эмес, Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин башка товарларынын да туруктуу агымын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берилери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Статистикалык маалыматтар: Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорту 2024-жылы дээрлик 124 миллион долларды түздү. Анын ичинен 8,6 пайызы— мал чарба продукциясы, 19,4 пайызы — өсүмдүк чарба продукциясы, 72 пайызы — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы. 2024-жылы жалпысынан 4521,50 тонна өсүмдүк чарба продукциясы экспорттолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: