Путин Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин Украинанын энергетикалык жайларына кол салууну токтотту
Орусиянын президенти Владимир Путин кесиптеши Дональд Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин Украинанын энергетикалык объектилерине кол салууларды токтотууга буйрук берди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдиргенин РИА новости жазды.
"Сүйлөшүү учурунда Дональд Трамп эки тарапка 30 күн ичинде энергетикалык инфраструктура объектилерине кол салуудан өз ара баш тартуу сунуштады. Владимир Путин бул демилгеге оң жооп берип, дароо орус аскерлерине тиешелүү буйрук берди", - деп билдирген Кремлдин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-мартта Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү эки саатка созулуп, бир нече маселе талкууланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.