Тажикстандын “Кайрагач” жери толугу менен Кыргызстанга өттү (видео)
Тажикстандын “Кайрагач” жери толугу менен кыргызстанга өттү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта парламентте билдирди.
"Кайрагачтан 155 гектар, ошондой эле Тажик Республикасынан 35 гектар аянттагы Кайрагач анклавы алынды. Бул аймактан жалпы 190 гектар жер бизге алынды", - деди Ташиев.
Ал өз сөзүндө Кайрагачтагы тажик тараптын посту бир жарым чакырымга жылдырылмай болгонун айтты.
Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жатат. Анда эл өкүлдөрүнө Камчыбек Ташиев маалымат берүүдө.
Айта кетсек, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан болчу.
“Кайрагач” жери толугу менен Кыргызстанга өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

