super.kg logo

Саламаттык сактоо министрлиги СМАны дарылоо үчүн үч негизги дарыны атады

 
Саламаттык сактоо министрлиги учурда Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясын (СМА) дарылоо үчүн үч негизги дары каражаты бекитилгенин билдирди. Алар:
  • Спинраза (Нусинерсен) – интратекалдык жол менен сайылуучу дары, туруктуу негизде сайып туруу талап кылынат.
  • Эврисди (Рисдиплам) – ооз аркылуу кабыл алынат, бул балдар үчүн ыңгайлуу.
  • Золгенсма (Онасемноген абепарвовек) – гендик терапия, бир жолу сайылуучу дары, бирок баасы өтө кымбат.
"Кыргызстан Рисдиплам препаратына артыкчылык берет. Анткени анын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү (1 флакону 482 миң сом) жана үй шартында колдонууга ыңгайлуу. 2023-жылы СМА диагнозу коюлган бейтаптар үчүн дары-дармек берүү тартиби бекитилип, дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн", - деп билдирди министрлик.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы СМА диагнозу коюлган 39 бала каттоодо турат. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда:
  • 4 бала чет өлкөдө терапиядан өтүп жатат,
  • 8 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дары-дармектерди алууда.
Билдирүүгө ылайк, СМАны толук айыктыруучу дарылоо ыкмасы жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүшүн жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.
Кыргызстанда СМАны дарылоо Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
"Рисдиплам препаратынын сатып алуу «Кыргыз фармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте жүргүзүлүп, каражаттарды үнөмдөөгө жана кошумча 240 флакон (100 миллион сом) сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул дары 2025-жылдын аягына чейин 8 баланы дарылоого жетиштүү болот. 2025-жылы дагы 480 флакон (250 миллион сомго) сатып алуу пландалууда, бул 16 баланы дарылоо үчүн жетиштүү. Ошондой эле жакында диагноз коюлган дагы 11 баланын дарылоосун каржылоого министрлик өтүнүч жиберди", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, жакында эле СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза жана Аслан аттуу наристелерге дарысына керектүү каражат чогулуп бүткөнү кабарланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2025. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар не 240 флаконду 100 милионго алса 480 флакону 250 милион болобу 50 милионду өздөрүнүн чөнтөгүнө салабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: