Садыр Жапаров Ысык-Ата районуна дагы жаңы аким дайындады
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп Эркеайым Сейтказиева дайындалды. Бул туурасында маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы жарыялады.
Айта кетсек, буга чейин аталган районду Эрмекбай Омошев жетектеп келген. Ал Талас облусундагы Манас районунун акими болуп дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

