super.kg logo
  Саясат  

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы президенттин саясий эрки менен чечилгенин айтты (видео)

 

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен чечилгенин билдирди.

Жыйында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жаткан.

"Бул иштин башында биздин урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич турду. Себеби Жапаров ушул чек ара тилкелеринин ар бир метрине чейин билет. Мен жеке ал киши менен ар бир метр жерди талкуулап, анан бирге чечип жаттык. Кээде ушундай маселелер болуп жатты, аргасыздан комиссиянын ишин токтотуп коюп, Нуркожоевичке келип, аны менен сүйлөшүп, анан уруксат бергенде гана чечимдерди кабыл алып жаттык. Биздин президенттин саясий эрки болбогондо чечилмек эмес", - деди ал.






Жогорку Кеңеш 19.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: