Таластагы Миң-Булак айылынын токоюн өрт каптады - ӨКМ (видео)
Бүгүн, 19-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында токойдон өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо учурда чектөөгө алынган жана толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Өрттү өчүрүүгө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Айтматов райондук №91 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылды. Кошумча Бакай-Ата айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 экскаватор, КР ИИМден 5 милиция жана жергиликтүү тургундардан 8 адам көмөк берүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Таластагы өрт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.