super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн "Ак шумкарлар" Ташкентте Өзбекстан менен ойнойт

 

Бүгүн, 20-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү турдук оюндарынын алкагында Өзбекстан курама командасына каршы ойнойт.

Оюн Ташкенттеги "Бунёдкор" стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө жаңырат.

Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү турунда 18 команда 6 командадан үч тайпага бөлүнгөн. Тайпадагы эң мыкты эки команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына түз жолдомо алат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар төртүнчү турда ойношот, анда алар дагы эки түз жолдомого, ошондой эле континенттер аралык плей-оффко катышуу үчүн ат салышат.

Үчүнчү квалификациялык тур эки айлампа менен (10 оюн) өтөт. Ал 2024-жылдын 5-сентябрында башталган, оюндар 2025-жылдын 10-июнунда аяктайт. Кыргызстан "А" тайпасында Иран, Катар, БАЭ, Өзбекстан жана Түндүк Корея менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: