super.kg logo

Орусия менен Украина туткундагы аскерлерин алмашты 

 

Орусия менен Украина туткундагы аскер кызматкерлерин алмашты. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, эки тараптан тең 175 аскер кызматкери кайтарылган.

"19-мартта сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 175 орусиялык аскер кызматкери Киев көзөмөлдөгөн аймактан кайтарылды. Алардын ордуна Украинанын 175 аскер туткуну, ошондой эле тез арада медициналык жардамга муктаж болгон оор жаракат алган 22 аскерди өткөрүп бердик", - деп билдирген Орусиянын Коргоо министрлиги.

Ошондой эле бошотулган орусиялык жоокерлер учурда Беларустун аймагында убактылуу дарылануудан өтүп, жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды.

Белгилүү болгондой, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский кечээ, 19-мартта телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Зеленский X социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Трамп менен сүйлөшүү позитивдүү, маңыздуу жана ачык болгонун белгилеген.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин менен Трамп 18-мартта эки саат телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: