Ноорузда 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Өлкөдө Нооруз майрамын белгилөөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат. Бул туурасында ИИМдин билдирүүсүндө маалымдалат.
Ага ылайык, 18-марттан 23-мартка чейин Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы эски аянты жабылат. Мындан тышкары Абдымомунов көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы чектелет.
ИИОнун аймактык бөлүмдөрүндө коопсуздукту камсыздоо, коргоону уюштуруу, ар кандай кырдаалдарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тескемелер өтүүдө.
Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.