super.kg logo

Стамбулдагы митингге байланыштуу консулдук кыргызстандыктарга кайрылды

 

Стамбулдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда башкы консулдук Нооруз майрамын белгилөө токтотулганын айтты.

"Урматтуу Стамбул шаарында жашаган мекендештер! Стамбул шаарындагы кырдаалга байланыштуу 2025-жылдын 21-мартында Нооруз майрамын белгилөө токтотулду.
Сиздерди эл көп топтолгон жерден алыс жана этият болууңузду өтүнөбүз", - деп жазылат анда.
Кечээ, 19-мартта Стамбулда жана Түркиянын башка шаарларында Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдогандын алдыдагы президенттик шайлоодогу негизги атаандашы деп эсептелген шаардын оппозициячыл мэри Экрем Имамоглунун кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: