Бишкектеги Балдар борборунан качкан дагы 2 кыз табылды
Бишкек шаарында изделип жаткан 17 жаштагы Арууке Асамбаева жана 15 жаштагы Адия Кылычбекова кечээ, 19-мартта табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Эске салсак, 15-мартта өспүрүм кыздар Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан чыгып кетишкен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Аталган борбордон 14-мартта да 2 кыз качып кеткени айтылган. Кийин ал эки жашы жетелек кыз табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.