super.kg logo
  Саясат  

Парламент төрагасы: "Азыркы өкмөт башчынын кыймылы жайбаракат экен" (видео)

 

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссия түзүү кечеңдеп жатканына нааразы болду.

Ал былтыр парламент репрессия курмандыктарын актоого байланыштуу мыйзам кабыл алганын эске салып, анда Министрлер кабинети үч айдан кечиктирбей тийиштүү комиссия түзүүгө милдеттенгенин белгиледи.

"Министрлер кабинети абдан кечеңдеп жатат. Эртеңден баштап биз эл менен жолугушууга чыгып бара жатабыз. Эми биз кайтып келер замат өкмөт сөзсүз түрдө комиссиянын курамын парламенттин жыйындарына алып келиңиздер. Биз ар бир фракциядан бирден депутат киргизип, убагында басмачы атыккан ата-бабаларыбызды актоону башташыбыз керек. Кошуналарга караганда бир топ кечигип жатабыз", - деди ал.

Эл өкүлүнүн айткандарын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да колдоого алып, өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин ишмердүүлүгүн сындагандай болду.

"Азыркы Министрлер кабинетинин төрагасына кулак кагыш кылып айтып коюңуздар. Бир аз кыймыл-аракети жайбаракат экен. Азыр деген ыкчам иштей турган учур, жайбаракат иштей турган заман өткөн", - деди спикер.

Белгилей кетсек, былтыр 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган.






Жогорку Кеңеш 20.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: