super.kg logo

Жоомарт Жолдошев: «Ийгиликке жетиш үчүн акча маселе эмес»

 

Кандайдыр бир бийиктикти багындыруу бардык адам баласынын колунан келет. Ал үчүн байдын баласы болуп төрөлүп, капчыгыңдын толуп турушунун кажети деле жок. Эң башкы талап – өжөрлүк жана тырышчаактык. Бул ирет ийгилик сыры менен бөлүшө турган каарманыбыз жөнөкөйлүк сапатка ээ. Каарманыбызды калың журт деле тааныбайт. Бирок талыкпаган эмгек өзүн кандай даражага алып келгенин алдынкы ишкерлердин бири Жоомарт Жолдошев баяндап берет.

 

 

ИШКЕР ТУУРАЛУУ

1982-жылы Ош шаарында туулган.
Канча китеп окуганы эсинде жок, бирок саны миңден ашат.
Кыргыз жана орус тилдеринен сырткары англис, француз, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Учурда испан тилин үйрөнүп жатат.

Кыргызстандын тоолорун аябай жакшы көрөт. Аларсыз жашоосун элестете албайт.

“ОРУС ТИЛИН БИЛЧҮ ЭМЕСМИН”

– Орто мектепти Өзгөн шаарында аяктадым. Азыр ойлоп көрсөм, эс тартып калгандан бери эле тырышчаак экенмин. Бош убактым болгондо дайыма китеп окучумун. Азыр дагы бошой калсам, дароо колума китеп алам. Бала кезде мен деле малга чөп салып, суу берип, кара жумуш жасап эле чоңойгом. Андыктан “ийгиликке жетиш үчүн шаардык болуш керек” деген туура эмес. Окуучу кезимде англис тилин жакшы билер элем. Кийин Бишкекке Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырайын деп барсам, ал жерде жалаң гуманитардык багытта гана билим берет экен. А мен мектептен физика жана математика сабактарын жакшы окучумун. Аргасыздан юридикалык кесипти тандадым. Студент кезде да кара жанымды багыш үчүн кароолчу, үн оператору болуп иштеп жүрдүм. Бишкекке келгендеги кыйынчылык орус тили болду. Ар ким менен сүйлөшүп калсам, “орусча билбейт” деп күбүрөп калгандары эсимде. Ушунча намысыма тийгендиктен, гезит, китептердин баарын орус тилинде окуп, бат эле өздөштүрүп алгам.

“АМЕРИКАГА ЮРИСТ БОЛОМ ДЕП БАРГАМ”

– Окуумду аяктагандан кийин алдыга койгон максатым – дүйнөлүк стандарттагы юрист болуу эле. Ар бир адам максатын ишке ашыруу үчүн алдына так план коюшу керек. Же планы, же максаты, же кыялы жок адам кантип ийгиликке жетишип, келечегин элестетмек эле? Кандай гана жолду тандабайын, туура жолдо баратканыма дайыма ишенем. Чечкиндүүлүк, өжөрлүктүн айынан унаамды сатып, 2009-жылы Америкага юрист болуу үчүн учуп кеттим. Аэропортко келгенде чөнтөгүмдө 100 доллардай калган. Ага чейин окуума байланыштуу Америкага келип кеткен элем да. Ошондо бир кыргыз алыс тууганымдын номерин алгам. Ага “мен Америкага келдим” деп чалсам, башка жакка кетип калыптыр. “Артка кайра кетмек белем?” деп андан дароо эле бирөөнүн дарегин алып, ошол дарек боюнча бардым. Ал жактагылар да кыргыз туугандар экен.“Мейли, жашап тур” деп кабыл алышты. Бөтөн жер, бөтөн эл. Ар бир баскан-турганың акча. Мык уруп берсең дагы иштеп, акча табышың керек. Жүк ташуучу, сатуучу, официант болуп иштеп жүрдүм. Американын жашоосуна көнүп калгандан кийин максатыма жетүү үчүн юридикалык компанияларга резюмемди таштай баштадым. Дароо эле жумуш берүүчүлөр “эмне кылганды билесиң?” деп сурашат. Тайманбай “Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын мыйзамын билем” деп жооп берчү элем. Бирок аларга Орто Азиянын мыйзамынын эмнеге кереги бар? Андыктан аларга “терезеңерди тазалап, отургучуңарды иреттеп, бекер эле жардамдашып турам. Бирок мага Американын мыйзамын үйрөнүш үчүн китептерди берип тургулачы?” деп жалдырап жатып бир компанияга кирип алдым. Аз убакыттын ичинде баарын өздөштүрүп, юристтин жардамчысы болуп иштеп калганым үчүн кубанычымда чек жок эле.

“ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ СОГУШУН УККАНДА КЫРГЫЗСТАНГА ЖЕТИП КЕЛДИМ”

– Америкада иштеп жүргөндө Апрель окуясы болду. Жумушка келсем, баарынын талкуулаган темасы – Кыргызстан. Бир күнү туугандарымдын бири чалып, Ошто да тополоң болуп жатканын айтып калды. Көп деле маани берген эмесмин. “Өзбек-кыргыз согушуп, кан төгүлүп жатат” дешкенде жанымды коёрго жер таппай, дароо Бишкекке учуп кетүү үчүн билет заказ берип, кечкиге чейин документтердин бардыгын тапшырып, Кыргызстанга келе бергем. Үйгө келсем эч ким жок экен, дароо эле чыгып Бишкек шаарынын Октябрь районунун военкоматына бардым. Ал жерде мобилизация жүрүп жаткан. Ошентип, өлкөбүздө тынчтык орносун деген ниетте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулдум. Жолдон бир телеканалдын журналисти интервью алган болчу. Ошондо гана апам телевизордон көрүп, Кыргызстанга келгенимди билиптир. Июнь окуясына күбө болгондон кийин “мекенимде калам” деген чечим кабыл алдым. Кыргызстанды чет жакка барып эмес, ушул жерде отуруп алып эле таанытса болот. Ушундай ой менен 2011-жылы “Joldoshev&Partners” деген юридикалык фирма ачтым. Фирмабыздын эң башкы максаты – Кыргызстандын юристтерин эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Аз убакыт өткөнүнө карабай Дубай, Түркия, Москва, Нью-Йоркто фирмабыздын өкүлдөрү бар. Келечекте жок дегенде 7 өлкөгө фирманын филиалдарын ачууну пландап жатам. Учурда биз ири бизнес жаатында эмгектенген адамдар жана компаниялар менен тыгыз иштеп келебиз. Алардын арасында чет өлкөлүк компаниялар менен ишкерлер бар. Ишкерлер демекчи, жакында чет өлкөлүк кыргыз жарандары “Мекендештер” форумуна чогулушат. Бул форум Кыргызстанга бир топ деңгээлде пайда алып келерине ишенем. Анткени форумга катыша тургандардын бардыгы тырышчаактыктын айынан ийгиликке жетишип отурган адамдар. Алардын да эң башкы ийгилик сыры – өжөрлүк. Бир ишти баштап, алдыга максат койгон соң артка кайтпаш керек. Учурда көпчүлүк адамдар акчага көз каранды болуп калышкан. Бирок бийиктикти багынтам деген адамга акча маселе эмес.






Жоомарт Жолдошев: "Ийгиликке жетүү үчүн акча маселе эмес"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(36)
18.07.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз сизге кошулам, кеп акчада эмес анын калоосунда. Если сильно захотет можно космос полететь, так что ийгилик ишинизге. Уй-булоонуз тууралуу жазбаптырсыз го.
19.07.2012. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
чооон дух берди
SUPER.KG видео
21.07.2012. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто идеальный жигитко.-) Бирок чындап айтканда, кыргызды дуйно жузуно жакшы жагынан тааныткан, мекенчил инсандардын бири экен. Ушундай патриоттор бийликке келсе, Кыргызстаныбыз эртен эле гулдоп, осуп-онугуп калат эле деп ишенем.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, патриот деп ушундай адамдарды айтуу керек, а жанагы москвада жургон патриотпуз деген акмактарды эмес, менин да коптон бери ишке ашыра албай жургон тилегиме туртку бергендей эле болду.Рахмат сага Жоомарт, сага окшогон чыныгы патриот азаматтар кобойо берсин
22.07.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт мырзага бир гана ийгилик каалайбыз. Сыймыктана турган жигит экен. Көз карашы меникине окшош экен. Бир гана алга, артка жол жок!
22.07.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
БАракелде,патриот жигит деп ушуну айт!ОМурунуз узун,бактылуу жигиттерден болунуз,ишинизге албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!
SUPER.KG видео
20.12.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, байке! Сиздей билимдуу, оз ишин мыкты билген инсандарыбыз кобойо берсин. Аркалаган ишинизде жетишкендиктер артып,алдыга койгон ар бир кадамыныз ийгилик менен коштоло берсин!
13.01.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Салам ньйорк тасмасы ушул адамдын омур таржымалынан алынган болсо керек эле .
19.01.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы потриот.берген интервюсу мага чоон таасир калтырды.алдыга койгон максаттарынызга жетиниз.ушундай ожор аракетчил жаштар кыргызстанда коп коп болушун каалайм.азаматсыз.
22.01.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын чыныгы патриоту.азаматсын.
25.01.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам ийгиликке жетиш кеп акчада эмес.инсандардын 80% ушундай ойлогондо балким кыргызстанонукмок
29.01.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун чыныгы мырза,ийгилик дагы да болсо....
12.02.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз, ийгилик, кыргызстанда Жоомартка окшогон чыныгы партиот уулдар кобое берсин.
15.02.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз
18.02.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын президенти боло турган экенсин оз катарынды озуно окшош адамдар менен толуктай бер балким ошондо Кыргызстаныбыз онуготтур
28.02.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсын Жоомарт азыркы жаштар сенден улгу алышса.
SUPER.KG видео
26.04.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоомарт байкенин жубайы барбы?
03.05.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жоомарт ага ишинизге ийгилик
22.05.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз бийди да тытат экенсиз,бийлегениниз аябай жакты. Дагы да чоон ийгиликтер...
30.05.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin jerdewim. a9bai jakwy jigit
07.07.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
interview algan kyz jymyndait ko ayabay)))))))
08.07.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артка кайтпаган аракетчил , акылдуу, билимдуу кыргызымдын чыныгы патриот мырзасы экенсиз сиздейлер коп болсо экен..
01.12.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пушкага жазылып калганбы...
06.05.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, азамат экенсиз!
11.06.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!
05.07.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол иним,соз жок. ОМУР, ДЕН СООЛУК ,анан ИШИНЕ ИЙГИЛИК!
04.11.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркинин кучтуулугу, толуп ташкан энергиясы мени суктантты. Аззаматсыз бар болун ийгилик.
17.03.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтерди дагыда болсо багынта берин.
23.07.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ден соолукта бол жана кыргыз элимдин зоболосун которо бер!!!
12.04.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: