super.kg logo

Салык кызматы унаа алып-саткандар үчүн жакшы жаңылыгы менен бөлүштү

 

Жарандар унааларды импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул кадам калкты колдоо, жарандардын финансылык абалын жакшыртуу жана убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында жасалган.

"Эми жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар бир жылдан кем эмес менчиги болгон унаасын импорттоо жана сатуу боюнча 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден, салыктардан, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат", - деп айтылат маалыматта.

Бирок Салык кызматы 2 шарт койгон:

  • Салыктан бошотуу карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана колдонулат;
  • Эгерде салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт.

Бул жеңилдик бир жолку гана экени белгиленди. Салык кызматы жарандарды алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: