super.kg logo

СССРдин эң атактуу маньягы Чикатилонун уулу кайда кызмат өтөп жатканы белгилүү болду

 

СССР убагындагы эң коркунучтуу кылмышкер болгон киши өлтүргүч Андрей Чикатилонун уулу Юрий Мирошниченко Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Харьков багытындагы артиллериялык бөлүгүндө кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу SHOT Тelegram каналы жазды.

"СССРдин эң атактуу маньягы Андрей Чикатилонун уулу Юрий Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында Харьков багытында кызмат өтөп жатат", - деп жазды аталган Телеграм канал.

Орусияда акыркы жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин 56 жаштагы Юрий Харьковго көчүп кетип, ал жерден аялынын фамилиясын алып, Юрий Мирошниченко болгон. Андан кийин Украинадагы согуш башталганда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулган.

Юрий Чикатило Украинада патриот жаран катары көптөгөн акцияларга, иш-чараларга катышып жүргөн. Бирок анын согушка кетүүсүнө патриоттуулугу эмес, сот аткаруучулар менен болгон көйгөйү себеп болгон. Аны 2016-жылы аялы таштап кеткенден кийин ал уулуна алимент төлөгөн эмес.

Алименттен тышкары Юрий Чикатилонун дагы деле банктарга карызы жана төлөнбөгөн айыптары бар.

Ал тоноо, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана рэкетчилик боюнча соттолуп, жалпысынан 13 жыл абакта отурган.

Анын атасы Андрей Романович Чикатило советтик киши өлтүргүч, зордукчу жана педофил деп табылган. Ал СССРдин ар кайсы аймактарында, негизинен Ростов облусунда 43 кишини өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүргөнү аныкталган.

Кармалгандан кийин сот аны өлүм жазасына кесип, Чикатило 1994-жылы 14-февралда Ростов облусунда атууга кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: