super.kg logo
  Саясат  

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү

 

Министрлер кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өкмөттөн документ “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын маалымдашты.

Тескеме менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө жобо жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө типтүү жобо бекитилди.

Ага ылайык, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин координациялоо боюнча ишти жогоруда аталган типтүү жобонун ченемдерине ылайык уюштурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: