super.kg logo
  Саясат  

Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллирад сомго кандай иштер аткарылууда?

 

Бүгүн, 20-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы жумуш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллирад сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча жеринде маалымат алды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Касымалиев аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, текшерип чыкты. 1 миллиард сомго эмнелер аткарылып жатат:

-“Кара-Балта жол курулуш” муниципалдык ишканасына асфальт-бетон чыгаруучу заводду куруу, жол белгилерин жасоочу жана таш майдалоочу жабдууларды алуу каралган.

- Суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо, шаардагы сейил бактарды реконструкциялоо, иштери «Кербен» муниципалдык базарын түзүү, «Дан» мамлекеттик ишканасында макарон азыктарын өндүрүүнү жандандыруу, ички жолдорду оңдоо, санариптештирүү жана коомдук транспортторду сатып алуу киргизилген.

- «Манас» спорт комплексинин базасында борбордук стадионду жана мейманкананы реконструкциялоо иштери менен таанышты. Спорт комплексин реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча курулуш иштеринин негизги түрлөрү аяктады. Курулуш иштеринин калганы — чуркоо жолунун резина каптоосу, аны асфальттын бетине орнотуунун технологиясына байланыштуу, жай мезгилинде жасалат.

- Бала бакчаны курууга 89 миллион сом жумшалган.

Төрага Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга каражатты сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну эскертип, мерчемделген иш планды өз убагында аткарууну тапшыргандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: