super.kg logo

УКМК мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп, акча алып келген кишини кармады

 

Мамлекеттик кызматкерлерден акча талап кылууга шек саналып "Эко-Мир" коомдук бирикмесинин мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-марттта Улуттук коопсуздук мамлекттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү делген М.Н. аттуу жаран жогорку инстанцияларга арыз берүү менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин коркутуп, текшерүүлөрдү токтотуу үчүн алардан акча каражатын опузалап талап кылып келген. Тергөөдө ал талап кылган суммаларды укук коргоо органдарына кармалбаш үчүн бир нече мобилдик капчыктар аркылуу алып келгени аныкталган.

УКМК М.Н.ны 13-мартта Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкеринен 52 миң сом алып жаткан жеринен кармаган. Андан соң ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: