super.kg logo

Казакстан Кыргызстанга беш тепловоз белек кылды  

 
Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду белек кылды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тепловоздор өткөн жылдын декабрь айында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жетишилген келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген.
Коңшу өлкөдөн келген тепловоздор "Кыргыз темир жолу" ишканасына балансына өткөнү маалым болду. Алардын экөө магистралдык, үчөө маневрдик тепловоз болуп, жүк жана жүргүнчү ташууда, ошондой эле бекеттердеги кыймылды уюштурууда колдонулары кошумчаланды.
"Нооруз майрамынын алдында казак боордошторубуздун белегин кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаровдун эл аралык мамилени жаңы деңгээлге көтөргөнү, тышкы саясатты жолго коюп, боордош элдер менен жылуу мамиле куруу саясатынын алкагында бир топ ийгиликтер болуп жатат", - деген Орунбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: