super.kg logo

Садыр Жапаров Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү

 
Бүгүн, 20-мартта президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитине барып, намаз окуп, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, анын ыймандын бекемделиши жана сооп иштер үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мусулмандарга орозо кармоодо сабырдуулук, үй-бүлөдө бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак каалады.
“Ыйык Орозо айы - кайрымдуулуктун, жакшылыктардын жана руханий тазалануунун мезгили. Үйлөрүңүздө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык өкүм сүрсүн. Бардык тилектер кабыл болуп, кайрымдуу иштер сизге жана жакындарыңызга кут-береке жана өнүгүү алып келсин. Сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакыт-таалай жана биримдик каалайбыз", - деди Садыр Жапаров.
Иш-чаранын аягында президент мечитке келгендер менен баарлашып, бир туугандык жана биримдик маанайында чогуу отуруп, тамактанды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: