super.kg logo
  Саясат  

Жамиля Жаманбаева БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту 

 

Бүгүн, 20-мартта Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар өлкөдө адам укуктарынын абалы жана бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Ага улай БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери менен Акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча сөз болду.

Жаманбаева өткөн жылы институт тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына байкоо салып, 420 мониторинг жана изилдөө, 285 инспекция жүргүзүлгөнүн билдирди. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын укуктарына, майыптыгы барлардын, аялдардын жана балдардын, аскер кызматын өтөп жаткандардын жана башкалардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулгандыгы айтылды. Ошондой эле биринчи жолу акыйкатчынын сунуштарын ишке ашыруу көрсөткүчү 68 пайызга жеткенин, институттун кароосуна келип түшкөн мыйзам долбоорлордун саны 2023-жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Өз кезегинде, Фолькер Түрк институттун өлкөдөгү мыйзамдарды жакшыртуудагы ролун белгилеп, тынымсыз укуктук реформаны жана жарандык коомду өнүктүрүү зарылдыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: