Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндө Ноорузга карата иш-чаралар өттү (фото)








Кечээ, 20-мартта Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө Нооруз майрамына арналган иш-чаралар болуп өттү. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Айтылгандай, иш-чараларга аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана коноктор катышты. Анын жүрүшүндө ар бир түзүмдүк бөлүм улуттук ырларды, бийлерди, элдик үрп-адаттарды, каада-салттарды көргөзүшүп, спорттук жана улуттук оюндар уюштурулду.
Ошондой эле майрам "Шайыр апалар" элдик ансамблинин концерттик программасы менен уланды. Соңунда конкурстардын жеңүүчүлөрүнө грамоталар, белектер тапшырылып, катышуучуларга Нооруз майрамынын башкы тамагы болгон сүмөлөк таратуу менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.