super.kg logo

Владимир Зеленский Крым тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен сүйлөшүү учурунда Крым аралы украиналыктарсыз "өлүп" жатканын айтты. Бул тууралуу РБК Украина басылмасы жазды.

Ак үйдүн башчысы сүйлөшүү учурунда Зеленскийден украиндер жарым аралды эмне үчүн мынчалык жакшы көрүшөрүн сураган. Жооп катары саясатчы Крымдын уникалдуу жаратылышы тууралуу айтып, арал Украинанын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеген.

"Украиналыктарсыз Крым өлүп баратат, анткени арал бардык жагынан Украина менен байланышкан. Суу, транспорт... Азыр Крымда туризм жок. Крымда 11 жылдан бери туризм жок", - деген саясатчы.

Анын айтымында, мурда жайында жарым аралга 3 миллион турист келсе, анын 2,8 миллиону украиндер болчу.

14-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Крым менен Севастопольдогу туризм инфраструктурасы сапаттык жактан жаңыланып жатканын билдирди.

Ал ошондой эле 2014-жылдан 2024-жылга чейин Крымга 20 миллиондон ашык, Севастополго 2 миллионго жакын адам келгенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: