super.kg logo

Канатбек Маматов, Борбор Азиядагы «SELA» Эл аралык кийим дүкөндөр тармагынын башкы директору:«Туугандарды жумушка алып уят болбогула дейм»

 
"Футболдун артынан жакшы адамдарга жолукканымды ийгилигим деп билем. Уулум Айжигит дагы футбол сүйүүчү".

Алгач Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча "SELA" Эл аралык дүкөндөр тармагынын өкүлү болуп иштеген Канатбек Маматов – бир жылдан бери Кыргызстан боюнча аталган дүкөндүн башкы директору. Мыкты менеджер катары өзүн көрсөтө алган Канатбек мырзага жакында эле Казакстандагы "SELA" Эл аралык дүкөндөр тармагын өткөрүп беришти. "Жакында дүкөндөрүбүздүн саны мындан да көбөйөт, эми Тажикстандын рыногуна киребиз" деген Канатбек Маматов биз менен ийгилик сырын бөлүштү.

«ФУТБОЛДУН АРКАСЫНАН ҮЙ-БҮЛӨМДҮ ИНДИЯГА КӨЧҮРҮП КЕТКЕМ»

Канатбек мырза Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Ата-энесинин мыкты тарбиясында өскөн КАНАТБЕК МАМАТОВ эмгек жолу тууралуу мындай дейт:

– Орто мектепти Мырзакеден аяктадым. Окуп жүргөндө эле чет жактарга барсам деген тилектерим бар эле. Ушул даражага жетишиме ата-энемдин да салымы бар. Алар менин тарбиялык пайдубалымды жакшы түптөп беришти. Орто билимге ээ болгондон кийин ОшМУнун табият таануу факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Бала кезден эле футболго кызыгам. Университеттин командасында ойноп, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгүм үчүн окууну бүтөр замат дене тарбия кафедрасынын бөлүм башчысы болуп иштеп калдым.

Канатбек Маматов ушул күнгө чейин футбол ойнойт. Мурун «Абдыш-Атанын» намысын коргоп келген ардагер футболчу азыр «Топ-Юнайтед» командасынын катарында. Футболдун аркасы менен Индияга үй-бүлөсүн көчүрүп кеткенин да айтып берди.

– Кийин үй-бүлө куруп, Индияга эки жылга коомду башкаруу багыты боюнча окууга кетип калдым. Жаштык кылып, чет жакка кеткеним менен, баары бир үй-бүлөңдү сагынат экенсиң. Жубайымды Индияга алып келип алайын десем, стипендиям 5000 гана сомдун тегереги. Ушунча болду, чыдап жашайын деп окуумду уланта бердим. Бир күнү сабактан чыгып футболдук аянтка барсам, жергиликтүү балдар футбол ойноп жатышыптыр. «Мен да кошулсам болобу?» деп сурасам, машыктыруучу«эртең кел» деп кетирген. Эртеси барсам, ойнотуп көрдү. Жактым окшойт, «биз сени акча, үй менен камсыз кылабыз. Кааласаң үй-бүлөңдү көчүрүп кел» дешип, Индиянын Суперлигасында ойноп калдым. Жубайымды чакыртып алып, мен окуп, футбол менен акча тапсам, ал элчиликте иштеп жүрдү.

Каарманыбыз биринчи акчасын да футбол ойноп тапкан экен. «Эң алгач студент кезимде футбол ойноп 400 сом тапкам. Акчамдын бир бөлүгүн ата-энеме берсем, калганын досторума, өзүмө коротком»,- деп эстейт Канатбек мырза.

«МЕНИ ЖУМУШКА АЛЧЫ» ДЕГЕНДЕР КӨП»

Индиядан окуусун аяктап келген каарманыбыз Кыргызстанда ар кандай эл аралык уюмдарда, Жогорку Кеңеште эмгектенген. Ал «SELA» кийимдер дүкөнүн кантип жетектеп калганын, кандай жетекчи экенинен кеп салды.

– Мен эс тартып калгандан бери тырышчаакмын. Эч кимдин жардамысыз иштеримди аягына чейин чыгарганга аракет кылам. Тааныш балдар аркылуу «SELA» тууралуу угуп, Кыргызстандын түштүк тарабындагы өкүлү болуп калдым. Учурда башкы директордун кызматындамын. Өзүмдүн адамдык сапаттарымдын негизинде гана келдим. Азыр дүйнө жүзү боюнча «SELA`нын» 600 түйүнү бар. Анын ичинен 25 дүкөн Кыргызстан менен Казакстандын аймагында. Өткөндө эле Казакстандагы дүкөндөрдү башкаруу да менин колума өттү. Эгер мен жакшы сапаттарымды көрсөтө албасам, анда мага ишенип Борбор Азиядагы дүкөндөрдү беришмек эмес.

Маектешимдин токтоо экенин байкап, «токтоолугун жумушунда да көрсөтөбү?» деген суроо жаралды. Кызматкерлери туура эмес иш кылса, мындай мүнөзү менен кандай чечим кабыл алат болду экен?– Демократмын. Бардык адамдардын оюн угам. Бир нерсени туура эмес кылышса, урушпай-согушпай эле акырын түшүндүрөм. Эгер мындай иштер кайталана берсе, жумуштан кетирүүгө туура келет. Чоң кызматты аркаласаң, «мени жумушка ал» же «менин балам, тууганым бар эле» дегендер көп. Өзүмдүн туугандарымды жумушка алган эмесмин. Дүкөндөрдүн ар бир директоруна да айтам, «туугандарыңарды кызматка алып, иштей албай калса, уят болуп калбагыла»деп. «Бул менин жакыным эле» деп жумушка алып, ал иштей албай калса, анда ишиңдин өлгөнү. Мени ушул даражага жеткирген ийгилигимдин сыры – ата-энемдин тарбиясы, алган билимим жана турмуштун сабактары. Ошондой эле жакшы, кыйын адамдар менен бирге иштешим да кесипкөйлүк жактан өзүнчө дем-күч берди. Анан дагы спорттон, айрыкча футболдун аркасынан көптөгөн ийгиликке жетип, мыкты досторду таптым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
29.10.2012. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz baike,ishinizge iygilikter!
29.10.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга кыргыз алга
29.10.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга гана брат.
01.11.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodec ushundai kyrgyzdin tirishchaak chigaan er azamattari koboio bersin!
21.12.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
озун озу мактагандан олгончо кач деген макал бар
06.04.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!!!Алга,иш алып баруусу эн туура!!!
10.06.2013. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргыз алга !!!
31.01.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодесть
14.02.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канатбек, бул дүкөндөр жаңыдан ачыла баштаганда, курамында пахта, жүн бар дегенинен улам сатып алсам, футболка менен свитер бир жуулгандан кийин формасын жоготуп, далдайып кеткенинен, такыр албай койдум.Акыркы маалыматка караганда, СЕЛАнын өндүрүштүк филиалы Кытайга ачылганын угуп, начар болгону ушундан уламбы деп калдым
27.03.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SELAнын кээ бир кийимдери мактоого ылайык экен уулума алып берем 2 жылдан бери кийет эчтеке болгон жок , а кээ бири болсо бир жуулгандан чыкпады (())
05.03.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: