Лондондогу эң чоң аэропорт өрттөн улам бир күнгө жабылды
Лондондо жайгашкан "Хитроу" аэропорту электр көмөкчордонунан чыккан өрткө байланыштуу убактылуу бир күнгө жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган аэропортту электр жарыгы менен камсыз кылган электр подстанциясында өрт чыгып, "Хитроу" аэропорту үзгүлтүккө учураган.
"Жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында аэропорт 21-март саат 24:00гө чейин жабык болот", - деп жазган аталган аэропорттун басма сөз кызматы.
"Хитроу" Лондондогу эң чоң жана Европадагы эң көп каттамдарды жүргүзгөн аэропорт болуп саналат. Өрттөн кийин ал жерде учкан каттамдар башка аэропортторго багытталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.