super.kg logo

Бөз үйлөр, улуттук оюндар... Бишкектеги майрамдык иш-чарага өкмөт башчы катышты (сүрөттөр)

 

Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында белгиленген Нооруз майрамына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарада Касымалиев сөз сүйлөп, өзүнүн куттуктоосун айткан.

"Сиздерди өлкө президентинин жана Министрлер кабинетинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу майрамы. Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо коюнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин", - деген ал.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөдө болуп жаткан алгылыктуу окуяларга токтолуп, экономиканын туруктуу өнүгүшүн, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшүн мисал кылган. Мындан тышкары ал "Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ишке ашырылып жатканын, быйылкы жылы 30га жакын чакан ГЭСтер, күн жана шамал станциялары боюнча иштер башталганын, 100гө жакын жаңы ишканалардын ачылышы жана мамлекеттик ипотека программа аркылуу турак жай курулушу жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

"Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кыраакы саясаты менен мамлекеттин аймактык бүтүндүгү бекемделди. Чек аранын айынан дүйнөнүн канча мамлекетинде тынчтык жок. Кыргыз-тажик чек арасынын тынч жол менен чечилиши эки эл үчүн чексиз бакыт. Кыргызстандын тынчтык жаратуучулук дарамети күчтүү экендиги дүйнөгө даңазаланды. Ынтымактуу элибизге бейпил турмуш, ырыскылуу жашоо, берекелүү өмүр берсин", - деп кошумчалаган ал.

Андан соң Касымалиев аянттагы улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси менен таанышып чыккан.

Ал эми мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз куттуктоосун Ош шаарынын борбордук аянтынан жолдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: