Өзбекстандыктар кыргыз күйөрмандарына суктанышты (видео)
Өзбекстандын футбол күйөрмандары Ташкенттеги оюнда кыргызстандыктардын жүрүм-турумуна суктанышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодон көрүнгөндөй, 20-мартта Ташкентте өткөн Өзбекстан-Кыргызстан беттешине барган кыргыз күйөрмандар узун кезекке тизилип, анан стадионго киришкен. Ал эми алардын жанында эле өзбекстандыктар кезекке турбастан, стадиондун оозуна тыгылышкан.
"Кыргыздардын стадионго киришин карагыла, кезек менен. А биздикин карагылачы", - деп топтошкон элли көрсөттү видеонун автору.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн бул оюн 1:0 эсебинде Өзбекстандын жеңиши менен аяктаган.
Өзбекстанда кыргыз күйөрмандарына суктанышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.