super.kg logo

Бишкекте мамлекеттик туу менен таштанды чыгарган жаран милицияга жеткирилди (видео)

 

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда мамлекеттик туу менен таштанды чыгарган жаран аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, 22-март күнү 102 кызматына Ак-Ордо конушунда белгисиз адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу менен таштанды ороп, аны таштап кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Бул факты боюнча окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгышкан. Окуянын видеосу социалдык тармактарда да тараган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жеке өздүгү такталып, ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө бул жарандын психикалык саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөрү бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү медициналык документтерди анын атасы, 1962-жылы туулган А.К. аттуу жаран тастыктады", - деп билдиришти Ленин РИИБден.

Мындан улам, анын мыйзамдуу өкүлүнө карата укук-бузуулар кодексинин негизинде 10 миң сом айып пул салынган.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы






Бишкекте мамлекеттик туу менен таштанды чыгарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: