super.kg logo

"Крокустагы" терактта эрдик көрсөткөн кыргызстандык Ислам эсиңиздеби? Ага убада кылынган батир бериле элек

 

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" теракт учурунда жүздөгөн адамдарды сактап калган 16 жаштагы кыргызстандык Ислам Халилов блогерлер убада кылган батирди дагы деле ала элек. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

"Жүздөн ашык адамды имараттан алып чыккан Крокустун 16 жаштагы гардеробчусу Ислам Халиловго убадаланган батир бериле элек", - деп жазды аталган телеграм канал.

Маалыматка ылайык, анын эрдиги үчүн блогерлер жана меценаттар анын үй-бүлөсүнө батир берүүнү убада кылышкан.

Ислам 14 жашында үй-бүлөдөгү каржы маселесинен улам иштей баштаган. Ал азыр Путилково шаарчасында эки бөлмөлүү батирде үй-бүлөсү, ата-энеси, чоң энеси, агасы жана эжеси менен жашайт. Бул убактылуу турак жай ага теракттан кийин берилген.

Кыргызстандык 16 жаштагы Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барган.

Ислам Халиловго бул кылган эрдиги үчүн буга чейин да көптөгөн сыйлыктар жана белектер тартууланган. Аны теракттан кийин орус президенти Владимир Путин дагы кабыл алып, медаль менен сыйлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: