Мунарбек Сейитбек уулу баштаган курама Кытайда машыгуу өткөрүп жатат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Маалыматка ылайык, 19-март күнү башталган машыгуу 30-мартка чейин созулат.
Машыгуу өткөрүп жаткан курама команданын тизмеси:
- Анваржон Ходжиев - 51 килограмм,
- Санжай Сейдакматов, Зафарбек Камилов - 54 килограмм,
- Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев - 57 килограмм,
- Оомат Белекбаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Омар Ливаза - 63,5 килограмм,
- Элдар Турдубаев, Алмаз Орозбеков - 71 килограмм,
- Өмүрбек Бекжигит уулу - 80 килограмм,
- Бакыт Токтосун уулу - 92 килограмм,
- Мырзакир Кошалиев - 92+ килограмм,
Машыгуу улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун көзөмөлүндө уланып жатат.
Ошондой эле окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















