super.kg logo

Кыргыздын Стамбулдагы башкы консулдугу кыргызстандыктарга кайрылды

 

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу ал жактагы кыргызстандыктарды демонстрацияга жана митингге катышуудан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

"Стамбул шаарындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбоого, демонстрацияга жана митингге катышуудан алыс болууга, күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырабыз.
Социалдык тармактарда демонстрация (митинг) жөнүндө маалыматтарды, болуп жаткан окуяларга карата жеке бааларды жана пикирлерди жарыялообону өтүнөбүз", - дешти консулдуктан.
Өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун +90 535 107 72 12 ишеним телефонуна кайрылса болот.
Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: