super.kg logo

Оштун мэри чуркап рейд өткөрүп жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди (видео)

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы өткөргөн көчмө жыйынында таңкы рейддеги кызматкерлердин чуркаганы боюнча түшүндүрмө берди.

Шаар башчысы социалдык баракчалардагы сын көз караштарга чогуу туруштук берүүгө үндөп, кызматкерлердин эмнеге чуркагандыгына токтолду.

"Анча-мынча урушкандар болуп жатат. Чуркатып жатат дегендер да бар. Кызматкерлерди мен чуркагыла, турникке тартынгыла деп жаткан жокмун. Алар өздөрүнүн ден соолугу үчүн чуркап жатат. Азыр чуркап, иштеп алгыла деп жатам", - деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы тийиштүү кызматкерлер менен Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы таңкы рейдди чуркап өткөргөн. Бул кадам социалдык баракчалардын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түшкөн.






Оштун мэри чуркап рейд өткөрүп жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: