super.kg logo

ЮНЕСКОдо Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты кыскарып жатканы айтылды

 

Кыргыз делегациясы ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Мөңгүлөрдүн биринчи бүткүл дүйнөлүк күнү жана Суу күнүнө арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, Франциядагы ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында 20-21-мартта Мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жылдын алкагында Мөңгүлөрдүн биринчи бүткүл дүйнөлүк күнү жана суу күнүнө арналган иш-чаралар өткөн. Анда илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү, тажрыйба жана билим менен алмашуу, технологиялар, социалдык-экономикалык маселелер, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын суу ресурстарына, туруктуу өнүгүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизген терс таасирлери талкууланган. Ошондой эле мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн финансылык каражаттарды топтоо жана саясий чечимдер боюнча маселелер каралган.

Аталган иш-чарага кыргыз тараптан президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген топ катышкан. Анда Кемелова Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалына токтолуп, мөңгүлөрдүн аянты кыскарып жатканын, бул климаттын өзгөрүшү өлкөгө кандай таасир берип жаткандыгын көрсөтөрүн жана тез арада чара көрүү зарыл экендигин белгилеген. Атайын өкүл катышуучуларды 24-25-апрелде Бишкек шаарында өтө турган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" аттуу эл аралык конференцияга чакырган.

Ошондой эле кыргыз делегациясы "Мөңгүлөрдөн океанга чейин: ар кайсы аймактардан мисалдар" деген темадагы иш-чарада тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча беш жылдык пландын максаттары жана иш-чаралары жөнүндө презентация жасаган. Мындан тышкары Динара Кемелова жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен бирге ЮНЕСКОнун башкы директорунун орун басары Лидия Брито менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулаган.

Динара Кемелова Франциянын президентинин атайын өкүлү Оливье Пуавр жана Франция, Чили жана эл аралык уюмдардын делегация башчылары менен жолугушууларды да өткөргөнү белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: