super.kg logo

Ала-Букада жер менен жемкорлук иш жасаган аткаминер жана депутат кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коррупциялык ишке шек саналып Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж.нын көмөгү менен 2023-2024-жылдар аралыгында жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейин акча каражатын алган. Ал акча бергендерге там салуу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылган. Бирок Н.Б. жайгашкан жери так көрсөтүлбөгөн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Мындан улам жергиликтүү тургундарга 10 миллион сом материалдык зыян келтирилген.

Кылмыштуу жол менен табылган кирешенин 20 пайызы айылдык кеңештин депутатына берилмек. Мурдагы айыл өкмөт башчы аны менен тил табышып, ага ресторан куруу үчүн 1 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген. УКМК кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: