40 жаштагы Криштиану Роналду жаңы дүйнөлүк рекорд койду
40 жаштагы чабуулчу Криштиану Роналду дүйнөлүк футболдогу дагы бир рекорддук жетишкендиктин автору болду.
Тагыраагы, Улуттар лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде Роналду Данияга бир гол киргизди. Муну менен ал 22 жыл катары менен улуттук курама команда үчүн гол киргизген тарыхта биринчи футболчу болуп калды. Криштиану Роналду Португалия курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет.
Беттеш 5:2 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктап, Португалия Улуттар Лигасынын жарым финалына өчыкты. Ал жактан Германия менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.