Ысык-Көлдө да үйлөрдү суу каптап, куткаруучулар түнү менен иш алып барышты (видео)
Бүгүн, 25-мартка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Советское айылында нөшөрлүү жаандан, тоо этектериндеги карлардын эришинен улам каналдан суулар ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан, Ак-Суу райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жөнөп кеткен. Суунун нугун буруу иштерине жергиликтүү бийликтин эки техникасы тартылды.
ӨКМ кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ кызматы шашылыш билдирүү тараткан. Ошондой эле суу ташкыны Чаткал районунда катталганы маалымдалган.
25.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.