Кадыры бийик, миң айдан да артык Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Муфтият жооп берет
Өлкөдө кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнгө белгиленди. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү – Орозо айынын акыркы так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү деп эсептешет.
SUPER.KG порталы кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери тууралуу суроолоруна Муфтияттан жооп алды.
"Кадыр" деген сөздүн чечмелениши
"Кадыр" (арабча: القدر) – "таңуулоо", "баа берүү", "бийик даража", "таң калычтуу күч-кубат" деген маанилерди билдирет. Исламда кадыр түн (Лайлатул-Кадр) ыйык түн болуп, бул күнү Аллах Таала тагдырларды белгилеп, пайгамбарларга даанышмандык берет деп айтылат.
Кадыр түндүн белгилери
Хадистерде жана уламалардын баяндарында кадыр түндүн белгилери төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
- Түнү тынч, жылуу жана бейпил болот;
- Асманда адаттан тыш жарыктык байкалат;
- Шамал, бороон же катуу ысык болбойт;
- Таңкы намазга чейин өзгөчө тынчтык өкүм сүрөт;
- Таң атканда күндүн нуру жумшак, нурсуз көрүнөт.
Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
Кадыр түн – Аллахка жакындоо үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк. Бул түнү төмөнкү ибадаттарга басым жасоо керек:
- Намаз окуу – көп нафил (кошумча) намаздарды аткаруу;
- Куран окуу жана тафаккур кылуу – айрыкча, кадыр сүрөсүн көп окуу;
- Зикр жана дуба кылуу – "Лаа илааха иллаллах", "Субханаллах", "Алхамдулиллах", "Аллаху Акбар" деген сөздөрдү көп айтуу;
- Пайгамбарга (САВ) салават айтуу;
- Тобо кылуу, кечирим суроо – "Аллахумма иннака афуун, тухиббул афва, фа’фу анни" деген дубаны көп кайталоо;
- Садака берүү – муктаждарга жардам берүү.
Кадыр түндө эмнелерге тыюу салынган?
- Бекер убакыт өткөрүү – оюн-зоок, куру сөз, телефонго алаксыбоо;
- Күнөө иштерге аралашуу – ушак айтуу, араздашуу, адепсиз иштерди жасоо;
- Аялдар үчүн жасанып, жыттуу майлар менен сыртка чыгуу – эгерде мечитке бара турган болсо, жөнөкөйлүктү сактоо зарыл.
Кыз-келиндер да мечиттерге барып жамаат менен кадыр түн тосконго болобу?
Кыз-келиндер кадыр түндү, намазды, зикирди үйлөрүндө аткаруусу жакшыраак. Эгерде ибадаттарды мечитте өткөрүүнү кааласа, анда мечиттин атайын аялдарга дайындалган шарттары болсо болот. Анда төмөнкү шарттарды эске алуу керек:
- Жөнөкөй кийим кийип, жасанып чыкпоо;
- Намаз, зикр менен алек болуп, бейпилдикти сактоо;
- Эгер ыңгайсыз шарт болсо, үйдө ибадат кылуу артыкчылыктуу.
Кандай ибадаттар аткарылат?
Кадыр түнүндө төмөнкү ибадаттарды аткаруу сунушталат:
- Тахажуд намазы (жашыруун түндө окулган нафил намаз);
- Куран окуу;
- Дуба кылуу – өзүң, үй-бүлөң жана жалпы үммөт үчүн;
- Садака берүү – бул күнү берилген сооп жүз эсе көбөйөт;
- Күнөөлөр үчүн тобо кылуу – жүрөктөн чыккан чын ыкластык менен.
Белгилей өтсөк, Кыргызстанда Орозо айт майрамы 30-мартта белгиленет. Орозо айы 1-мартта башталган болчу. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.
кошулду
