super.kg logo

MegaPay жана Элкарт акциянын акыркы этабынын жыйынтыгын чыгарышты

 

MegaPay «Элкарт» Улуттук төлөм системасы менен биргеликте, үчүнчү жана акыркы этаптын жыйынтыгын чыгаруу менен «Бир заматта төлөп, MEGA ЭЛКАРТ менен өзүӊө Таиландды ач!» акциясын расмий түрдө жыйынтыктады.

2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 16-мартына чейин өткөрүлгөн акцияга өлкөнүн бардык аймактарынан миңдеген колдонуучулар катышты.

Үчүнчү турдун жеңүүчүлөрү заманбап ноутбуктарга ээ болушту, ал эми башкы байге – Таиландга эки кишилик унутулгус саякат – акциянын бүткүл мезгилинде эӊ көп саны менен биргеликте эӊ көп төлөмдөрдү жүргүзгөн катышуучуга ыйгарылды.

MegaPay колдонуучулардын акцияга болгон кызыгуулары жогору экенин, ошондой эле акциянын жүрүшүндө контактсыз төлөмдөрдүн санынын олуттуу өсүшүн белгиледи. Бул керектөөчүлөрдүн заманбап төлөм технологияларына болгон ишенимин жана алардын ыңгайлуу, тез жана коопсуз каржылык инструменттерди колдонууга болгон умтулуусун күбөлөндүрөт. Сервистин өкүлдөрү мындай прогресске кубанычта экенин жана төлөм процессин колдонуучулар үчүн дагы ыӊгайлуу кылуу менен инновациялык чечимдерди жайылтууну уланта берерин баса белгилешти.

«Колдонуучулар инновациялык төлөм инструменттерин - сатып алууларга бир заматта төлөөгө мүмкүндүк берүүчү стикерлерди, билериктерди жана шакектерди барган сайын өздөштүрүп жатканын көрүүдөбүз. Бул рынок алдыңкы технологиялардын эсебинен төлөмдөрдүн максималдуу ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылган заманбап чечимдерге даяр экендигин тастыктайт», - деп билдиришти «Элкарттан».

MegaPay жана «Элкарт» Улуттук төлөм системасы акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиришти жана Кыргыз Республикасында ыңгайлуу санариптик чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ишти улантат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: