super.kg logo

"Мага ар бир күн майрам". Ырчы Бактияр Токторов 55 жашка толду 

 

Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторовдун туулган күнү. Ырчы мырзага туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык.

"Бүгүнкү маанайым эң сонун. Негизи туулган күн тоспойм деле, мен үчүн ар бир күн майрам. Бүгүн үй-бүлөм менен болом.

Мурда жаш кезде, студент куракта майрамдап белгилейт элек, азыр шаан-шөкөткө деле убакыт жок. Негизи чыгармачылык чөйрөдө жүргөн адамдардын ар бир күнү майрам сыяктуу болот эмеспи", - деди Токторов.

Бактияр Токторов 1970-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Коммунизм айылында төрөлгөн. Токторов мектепте окуп жүргөн кезинде эле комуз, гитара черткенди билген. Ырчы Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алганын айткан.

Токторов Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүрүп, 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзөт. Кийин "биздин ырлар" деп ырдап жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн.
Эл артистинин "Буй-буй" аттуу чыгармасы көпчүлүктүн купулуна толгон, азыр да популярдуулугун жоготпогон ыр. Ал чыгарма 2005-жылы эгиз кыздары өлүү төрөлгөндө жарык көргөн оригиналдуу ыр экенин ырчы мырза айтып келет. Ошондой эле аны аткаруу учурунда бийлеген бийи анын трагедиялык мүнөзүн билдирген.
Ошондой эле Эмгек сиңирген артист 2022-жылы Андрей Малаховдун "Привет, Андрей" телеберүүсүндө конок болуп, "Буй-буй" ырын көрүүчүлөргө тартуулаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: